Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:38

Бүгүн Таласта революциялык кыймылдын элдик жыйыны болот


Талас шаарында өтүүчү бул саясий иш чарада өлкөдөгү экономикалык, социалдык, саясий кырдаалга баа берилип, кыймылдын алдыдагы уюштуруу маселелери каралат. Бул тууралуу жыйындын демилгечилеринин бири Роза Нурматова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, элдик жыйынды өткөрүүдө ар кандай чагым салууга жана бут тосууларга жол бербөө өтүнүчү менен облус губернатору жана шаар башчысы менен жолугушуулар болду. Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү оппозиция уюштуруп жаткан иш чарага эч кандай тоскоолдуктар болбостугун айтып келишүүдө. Кыймылдын мүчөлөрү жергиликтүү бийлик тараптан ар кандай бут тосуулар болуп жатканын “Азаттыкка” кабарлашкан эле. (MSu)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG