Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Элдик жыйынга Н. Мотуев менен Т. Бакир уулу келишти


“ЭрК” саясий партиясынын башчысы Турсунбай Бакир уулу менен “Жоомарт” патриоттук кыймылынын лидери Нурлан Мотуев Элдик курултайга чакырылган оппозициядагы саясатчылардын катарында турушат. Чакырылгандардын ичинен Элдик жыйынга Бириккен оппозициянын лидерлери барышкан жок. Таластагы жыйындын башында аталган эки саясатчыдан тышкары 2005-жылдын март ыңкылабын уюштургандардын сабында болушкан беш саясатчы турат. Алардын бири Топчубек Тургуналиев жыйындын катышуучуларын жыйын тынч максатты көздөөрүн айтып, ар кандай чагымдарга алдырбоого чакырды. (BuS)

XS
SM
MD
LG