Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Министр - ректор чатагы


Улуттук университетинин Окумуштуулар кеңеши билим берүү министринин ректор Ы.Өмүркановду мөөнөтсүз кызмат ордунан чакырып алуу буйругун жокко чыгаруу өтүнүчү менен өкмөт башчыга кайрылуу жолдошту. Бул арада министр Болжурова болсо коркутуп-үркүтүүгө кабылып жатканын айтып, муну Өмүркановдун ысмы менен байланыштырууда.

Ишенгүл Болжурова бүгүнкү маалымат жыйынында Улуттук университеттин ректору Ырысбек Өмүркановдун кызмат ордунан чакырып алуу маселесине кайрылып, бул ишти соңуна чыгаруу үчүн чамасы жетиштүү экендигин белгилеп өттү. Министрдин айтымында Улуттук университет акыркы жылдары өтө эле коррупцияга малынып кетти.

Билим министрлиги жакында эле Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиги менен бирдикте комиссия түзүп, ири ЖОЖдорду текшерүүгө алган. Анын жыйынтыгында Улуттук университетте көптөгөн мыйзам бузуулар болуп жатканы аныкталган.

Бүгүн министр айым бул текшерүүлөрдүн алгачкы жыйынтыктарын коомчулукка жарыя кылды:

-Коррупцияны пайда кылуучу алты тармакты аныктадык. Булар: окууга өтөөрдө, кышкы жана жайкы сессия берүүдө, студенттерди бир курстан экинчи курска кабыл алаарда, кадр маселесин чечүүдө, финансылык-чарбалык иштерди жүргүзүүдө жана уруксаат берүүчү документтерди берүүдө паракорчулук катталат экен.

Ишенгүл Болжурованын билдирүүсүндө, соңку кезде Улуттук университеттин дипломунун да баа-баркы кетип калды. “Ы. Өмүркановдун келиши менен ал тургай аталган окуу жайдан жыйырмага жакын илим доктору жумуштан бошонуп кетишкен”, - дейт министр айым.

Бирок Улуттук университетин ректору Ырысбек Өмүрканов ага коюлуп жаткан кинээлердин баарын четке кагып, кечээ маалымат жыйынын өткөрүп, ректорлуктан баш тартпай тургандыгын айткан.

-Улуттук университетте, кудайга шүгүр, реформалар жакшы жүрүп жатат. Өзүбүздун өнүгүү стратегиябыздын негизинде иштер жасалып атат. “Тиги кетти, бу кетти...коррупция күчөп атат” дегендердин баары негизсиз.

Ы.Өмүрканов бүгүн университеттин айрым окутуучулары жана Окумуштуулар кеңеши өкмөт башчыга кайрылуу жолдошконун "Азаттыкка" билдирди. Анда билим министри Ишенгүл Болжурованын 13 –ноябрдагы Ы.Өмүркановду мөөнөтсүз кызмат ордунан чакырып алуу буйругун жокко чыгаруу өтүнүчү камтылган.

Билим берүү министри Ишенгүл Болжурова 2008 -2009- окуу жылдарына абитуриенттерди кабыл алууда Улуттук университети көптөгөн көз боемочулук, таанышчылык, мыйзам бузууларга жол бергенин белгилеп, буга окуу жай башчысы Ы.Өмүрканов көзөмөл сала алган эмес деп эсептейт.

Мындай кинээлерди четке каккан Ырысбек Өмүрканов өз кезегинде акыркы кезде окуу жайга дембе-дем эле жөнү жок текшерүүлөр күч алып, буга министрдин тиешеси болуп жатат деп боолголойт:

-Кыскасы, ар кандай сөздөрдү чыгарып, иштетпей атат да. Эмне университеттен башка кылаарга жумушу жокпу?!

Министр өз кезегинде анын үй номерине сырдуу телефон чалуулар көбөйгөнүн билдирет. Ал тургай, министр айымдын айтымында Улуттук университетти текшерүүгө алган комиссия мүчөлөрүнө да коркутуп-үркүтүүлөр орун алууда.

- Комиссиянын мүчөлөрүнө жана ректорго болушпаган кээ бир мугалимдерге телефон чалып “көргөзөбүз” деген коркутуп –үркүтүүлөр болуп атат . Мындай фактылар бар.

Улуттук университеттин ректору Ырысбек Өмүрканов мындай ыпылас жолго барбай тургандыгын белгилеп, муну жөн гана чагым катары баалайт. Ал каршылашы менен ачык майданга чыгууга даяр.

Учурда Билим министрлиги ЖОЖду текшерүүгө алган комиссиянын жыйынтыгын прокуратурага өткөрүп берүүгө камданууда. Ал эми Ы. Өмүрканов кызмат ордуна дайындоо жолу менен эмес, шайлоо аркылуу келгенин белгилеп, ректорлуктан баш тартуу ниети жок.

Ал арада университеттин бириккен профсоюздук комитети бул жаңжал аталган окуу жай жамаатын жаат-жаатка бөлүп, профессордук-окутуучулук курамга кедергисин тийгизип жатканын кабарлайт.

XS
SM
MD
LG