Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Баткен: Чечме чегара бекетинде өзбек жарандары чыр чыгарды


Кыргыз чегарачылары чыр-чыгаргандарды эскертүүчү ок атып токтотушканын Кадамжайдагы 20-23 чек ара бөлүгүнөн 18-ноябрь күнү «Азаттыкка» маалымдады. Чегарачылар бекеттен өтүп бараткан кичи автобусту текшерүү үчүн автоунаанын ичине кирген мезгилде андагы Өзбекстандын жарандары документтерин бербей каршылык көрсөтүү менен чыр чыгарып, чегарачыларды сабаган. Жооп иретинде жоокерлер эскертүү огун чыгарып токтотушкан. Азыркы мезгилде күч колдонгондор Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө тергөө үчүн өткөрүлүп берилди. Белгилей кетчү нерсе акыркы бир ай аралыгында бул чегара бекетинде жоокерлерге кол көтөрүү экинчи ирет кайталанууда. (JsA)

XS
SM
MD
LG