Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Ислам динине тиешеси жок адамдар дааватта жүрөт


Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Эркин Эсеналиев “Азаттыкка” аталган аймакта динди толук түшүнбөгөн, туура эмес эрежелер менен даават жүргүзгөн адамдар көбөйүп кеткенин маалымдады. Натыйжада өлкө коопсуздугу коркунучка кептелүүдө. Диний экстремизмдин алдын алып, бул жааттагы кырдалды жөнгө салуу үчүн мыйзамдык база керек, деген оюн билдирди. Э. Эсеналиев кылмыш-жаза жана административдик кодексте так беренелер жок болгондуктан диний экстремизмге тиешеси бар кээ бир адамдарды бир жылда үч жолу жоопко тарткан учурлар кездешип жатканын айтты. Мунун алдында Ысык-Көл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаев дубандагы күч органдарынын башчылары менен жыйын куруп, дааватчылардын иш-аракетин убактылуу токтоткон буйрук чыгарганы маалымдалган. (EBM)

XS
SM
MD
LG