Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:28

Тамекинин айынан балдар тубаса оорукчан төрөлүүдө


Кыргызстанда өнөкөт өпкө ооруларын алдын алуу, анын себептерин коомчулукка түшүндүрүү максатында акциялар өтүп жатат. Статистикалык маалыматтар боюнча республика боюнча өнөкөт өпкө оорусуна чалдыккандардын саны отуз эки миңге чамалайт. Кыргыз торакалдык коомунун президенти, медицина илимдеринин доктору Талант Сооронбаевдин айтымында, өнөкөт өпкө оорулардын пайда болушунун негизги себеби – тамеки чегүү. “Акыркы кездерде кыз-келиндер арасында да тамеки тарткандар көбөйүүдө. Анын кесепетинен акыркы кездерде көптөгөн жаңы төрөлгөн наристелерде түрдүү тубаса оорулары аныкталып жатат”, -дейт Т.Сооронбаев. Адистердин айтымында, Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүнүн ичинен ушул дарт менен каза тапкан жана оорулуулардын саны боюнча Кыргызстан алдыңкы оорунда турат. (KE)

XS
SM
MD
LG