Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:29

АКШнын автомобил алтандары жардамга муктаж


General Motorsтун жаңы машинасына да кардалдар азайды
General Motorsтун жаңы машинасына да кардалдар азайды

АКШдагы автомобил өнөр жайынын үч алтаны – Ford, General Motors жана Chrysler компаниялары конгресске 25 миллиард доллар карыз сурап кайрылышты.Эгер мамлекет жардам көрсөтпөсө, корпорациялар банкрот болот жана бүткүл экономикага оор салакасын тийгизет.

Үч корпорацияга конгресс быйыл сентябрда эле 25 миллиард доллар өлчөмүндө жардам көрсөтүүнү чечкен эле. Бирок компаниялар алиге чейин убада кылынган ошол кредитти алыша элек. Буштун өкмөтү банк тармагын колдоо үчүн ажыратылган 700 миллиард доллар каражаттан автоөнөржайына “бөлкөнтай” бөлгүсү келбей жатат. Шейшемби күнү сенаттагы талкууларда муну финансы министри Генри Полсон дагы бир жолу ырастады. Республикачыл сенаторлор болсо “автокомпаниялар көп жагынан өздөрүн өздөрү жарадар кылып алышты, эми аларды мамлекеттин колу менен айыктыргысы келип жатышат” дешет.

General Motorsтун башчысы Рик Вагонер аларды автоиндустриянын үч алтаны өздөрү кетирген кемчиликтерден эмес, финансы кризисинин кээринен улам кыйынчылыкка кептелгенине ынандырууга аракет кылды. General Motorsтун бир нече аптадан кийин жүгүртмө каражаты түгөнөт, азыр ай сайын эки миллиард доллар нак акчадан ажырап жатат, андыктан январга жетпей банкрот болуп калышы мүмкүн.

Ford Motor компаниясынын президенти Алан Мулалли бу жерде эки маселе маанилүү экенин: биринчиден, өлкөнүн автоөнөржайынын атаандаштык каркынын,анын туруктуу келечегин камсыздоо; экинчиден,өкмөт аларга азыркыдай кыйын-кыстоо кезеңден чыгып кеткенге жардамдашышы керектигин белгиледи.

Детройтто жайгашкан бул үч автокорпорация тике же кыйыр түрдө 3 миллионго чукул кишини жумуш менен камсыздайт,алардын үлүшүнө жалпы ички дүң продукциянын 4 проценти туура келет.

Демократтар жаңы президент Барак Обама АКШ экономикасынын эн белгилеринин бирине айланган бул корпорациялардын банкрот болушуна жол койбойт деп ишенишет. Ошону үчүн маселени январга калтырбай азыр эле чечүүнү талап кылышууда. Алдыдагы күндөрдө муну алар сынамык добушка койгону жатышат.

Бир катар эксперттер автоиндустрияга финансылык кризистин капшабы тийгенин танышпайт, ошол эле учурда абалдын башкы себептерин чет өлкөлүк атаандаш компанияларга караганда өндүрүштүн натыйжасыз уюштурулушунан, жумушчу күчүнүн кымбат наркынан көрүшөт.

Деген менен дүйнөлүк автоконцерндеринде деле жагдай жакшы эмес. Япониянын Nissan компаниясы 3,5 миңдей жумушчуну кыскартууну чечти. Испанияда бул чечим массалык нараазылыкты пайда кылды, митингге чогулгандар Nissanдын жергиликтүү жетекчилерин жумуртка менен атып урушту. Айтылуу Volvo компаниясы да Швециянын өзүндө эле 900 кызматкерин кыскартты, анын Түндүк Америкадагы ишканаларынан да жүздөн ашуун жумушчу ишсиз калганы турат.

Байкоочулар дүйнөлүк автомобил индустриясы али кризистин кечмелигине жете элек дешет. Бул чөйрөдө эң ири рынок саналган АКШда октябрда эле жеңил машиналардын сатылышы - 32, Европада – 15,5 процентке кыскарды.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG