Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Рустам Ибрагимбековду Азери парламенти эмне үчүн «төө бастыга» алды?


Таанымал Азербайжан жазуучусу, кинорежиссер Рустам Ибрагимбековдун октябрдын аягында улуттук элита жөнүндө айткан ойлору өлкө коомчулугун көңүл бурдурган окуя болду. Азербайжан парламенти 30-октябрда кезексиз жыйынында белгилүү жазуучуну мекенди сүйбөйт же улутту бөлүп жарууда деп күнөөлөдү.

Талкуу учурунда Ибрагимбековду бир да депутат коргоп сүйлөбөдү. Бирок, айрым депуттар сессиядан кийинки ырасмий эмес жагдайда Ибрагимов жөнсүз жерден жемеге алынганын айтышкан.

Рустам Ибрагимбековдун “Pravda.ru” интернет басылмасына 29-октябрда басылган интервьюсунун Бакыда басылган үзүндүсү Азербайжандын саясый чөйрөсү үчүн «жаакка чапкандай» окуя болду.

Соңку жылдары Москвада жашап жүргөн таанымал жазуучу интервьюда ордолуу Бакы совет заманыдагыдан такыр башка шаар экенин айтып, мурда жашаган 1, 5 миллион элдин теңи түрдүү социалдык себептерден улам көчүп кетип, алардын ордуна шаар турмушуна даярдыгы жок 2 миллион адам келгенине көңүл бурган. Натыйжада, эчен муун ыйык туткан «бакылык» деген асыл түшүнүк жана үлгүлүү маданият жоголуп барат, бакылыктардын аралчалары гана калган. Ошентип, Ибрагимбековдун оюнча, улуттук элитаны калыптандырчу механизм бузулган.

Москвада жашаган азери жазуучусу Чыңгыз Гусейнов «Азаттыктын» азери кызматына берген маегинде коомчулук Рустам Ибрагимбековдун интервьюсунун бир бөлүгү талкуулады, парламентарийлер жазуучуга канчалык опурулбасын өлкөдө улуттук элита жок деген пикирин ортого салды:

- Рустам Ибрагимбековдун сөзүн контектсен жулуп алып талкуулашты. Чындыгында, ал элита жөнүндө жаңы эч нерсе айткан жок. Бизде элита жок.

Бирок, Азери парламентинин 30-октябрдагы кезексиз талкуусунда бирин сала экинчи депутат Ибрагимбековду улутту бөлүп-жармак болууда же мекенин сүйбөйт деп сындашты. Ал эми Илимдер академиясынын Азербайжан тарыхы институтунун директору Ягуб Махмудов интервью Азербайжан улутун, айрыкча, интеллигенцияны кемсинтет деп чыкты. Чаалыкпаган оппозициячыл депутат Панах Гусейнов гана жазуучу интервьюда жөндөмү жок адамдар бийликте отурат деп, азыркы парламентке ишара кылса, «туура байкаган» деди.

Ал эми чыгармачыл интеллигенциянын 286 өкүлү Ибрагимбековду өз оюн билдирүүгө акылуу дешип, жазуучуну колдогон коллективдүү кат жарыялашты.

Рустам Ибрагимбеков «Азаттыктын» азери кызматына берген интервьюда парламенттин сесиясы Азербайжанда сөз эркиндиги жок экенин тастыктады деп, интеллигентүүлүктү мындай сыпаттады:

-Интеллигенттүүлүк билим деңгээли же социалдык абал эмес. Бул руханий башталыш, идея материалдык кызыкчылыктан жогору турган өзгөчө дүйнө таануу. Азербайжанда бийликте турган адамдардын олуттуу бөлүгү пара алып бара бергенин, бийликке кандай келгенин билебиз. Аларды интеллигент деп айта албайбыз. Алар өз кесибинде мыкты адис болсо да улуттук элитага кире албайт. (Менин ушул сөзүм депутаттарды таарынтты.) Себеби, улуттук элитанын өкүлү деп эл тааныган адам бийликке белин бүкпөй белгилүү жарандык касиетке ээ болушу абзел.
XS
SM
MD
LG