Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Женевада Орусия менен Грузиянын сүйлөшүүлөрү жүрүүдө


Сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына катышуу үчүн Швейцариянын аталган шаарына Орусиянын, Грузиянын жана Абхазия менен Түштүк Осетиянын да делегациялары келди.

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Грузин кызматынын маалыматына караганда, азыр талкуу расмий пленардык жыйын ирээтинде эмес, жумушчу топтордо жүрүүдө. Сүйлөшүүлөргө Еврошаркет, БУУ, ЕККУ уюмдары ортомчулук кылууда, ага Кошмо Штаттар да катышып жатат. Анда коопсуздук жана качкындарды кайтаруу маселеси талкууланышы керек.

Өткөн айда буга чейинки алгачкы айлампа ага Грузиядан ажырап кеткен, ал эми Орусия көз карандысыз өлкөлөр катары тааныган Абхазия менен Түштүк Осетиянын өкүлдөрү катышуусу керекпи же жокпу деген маселе боюнча талаштан улам тез эле үзгүлтүккө учураган. Грузия Орусиянын аларды катыштыруу талабына каршы чыккан.

XS
SM
MD
LG