Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Анна Политковскаянын иши боюнча сот жабык өтө турган болду


Москванын бул ишти карап жаткан аскерий соту, сот жабык өтөрүн жарыялады. Мунун жүйөөсү катары айтылган маалыматка караганда, жараянга төрагалык кылган судья менен бирге отуруучу адамдар же присяжныйлар коллегиясы кабарчылар жүргөн кезде сот залына кирүүдөн баш тарткан. Сот жараяны ачык өтүшүн маркум Политковскаянын үй-бүлөсүнүн жана айыпталуучулардын адвокаттары талап кылып келишкен. Алар ачык сот саясий мүнөзү бар бул иште адилеттик орноорун кепилдөөнүн жалгыз жолу деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG