Орусиянын Федералдык миграциялык кызматы миграция тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизгени жатат. Алар боюнча, миграциялык картада өлкөгө иштөө максатында келгенин көрсөткөн гана мигранттарга иштөөгө уруксат берилет. Эгерде чет элдик жаран картада башка максатты көрсөткөн болсо, ал иштөөгө уруксат ала албайт. Бул боюнча учурда Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу комитетинин Орусиядагы өкүлчүлүгү кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен бирге кыргыз мигранттары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу комитетинен билдиришти. (AiJu)