Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Ревкомдун чечимдери эл арасына жайыла баштады


Оппозиция Талас шаарында өткөргөн жыйындан кайтып келген Аксы районунун өкүлдөрү өз айылдаштарына Ревкомдун максаты, жыйындын өтүшү жана анда көтөрүлгөн маселелердин маани-маңызы жөнүндө айтып беришүүдө. Өкмөттүк сыналгы Ревкомдун чогулушун бир жактуу чагылдырууда. Облуста эркин маалымат каражаттары жок. Анын айынан элет эли оппозициянын иш-аракети тууралу окуя-кабарлардан кур жалак калууда. Бийликтин ишине нааразы болгон аксылыктар бириккен оппозициянын курултайы менен ревкомдун эмки жыйындарына да катышаарын айтышууда. Мындай маалымат бүгүн «Асаба» партиясынын облустагы мүчөсү Кубаныч Маматкеримовдон алынды. Оппозициянын Таластагы жыйынына Аксы районундагы 12 айыл өкмөтүнөн бирден өкүл барган. Буга дейре Базар-Коргон, Сузак, Аксы райондорунун бир нече тургуну оппозициянын курултайына жай берүүдөн баш тарткандарды айыптап чыгышкан. (YA)

XS
SM
MD
LG