Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:10

Каракчылардын кантип катыгын берүү керек?


Каракчылар Кытайдын балык уулаган кемесин 17-ноябрда басып алышты
Каракчылар Кытайдын балык уулаган кемесин 17-ноябрда басып алышты

Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун каракчылыкка каршы натыйжалуу чараларды көрүүгө чакырды. Сомалинин жээктерине аскер деңиз кемелерин жөнөткөн өлкөлөрдүн чечимин кубаттап, баш катчы мындай кадамды аталган райондо коопсуздукту чыңдоонун кепилдиги катары баалады.

Пан Ги Мундун доклады Улуттар Уюмунун баш кеңсесинде шаршемби күнү таркатылды. Документте быйылкы жылы эле Сомалинин жээктеринде каракчылар 65 соода кемесин басып алышканы, алардын көбү баш-аягы болуп 30 миллион долларга чукул кун төлөп беришкени көрсөтүлөт.

Ушу тушта каракчылар он жети кемени, аларга кошо 300дөй кишини туткунда кармап турушат. Өткөн жекшембиде колго түшкөн Сауд Арапстандын Sirius Star мунай танкерин бошотуу үчүн 25 миллион доллар акча талап кылышты.”Бул сумма он күн ичинде төлөнүшү керек, болбосо өтө жаман чараларды көрөбүз”,-деп эскертти каракчылардын бири.

Шаршемби күнү эле талоончулар жүк тарткан дагы эки танкерди басып алышты, Индиянын аскери кемесине кол салып, бирок катыгын алышты.

Баш катчы Пан Ги Мун деңиздеги талоончулукту айыптап, буга каршы күрөштө дүйнөлүк өлкөлөрдү жарнакташкан чараларды көрүүгө чакырды. Сомалиге жакын жээктерде каракчылык бизнеси каркап жайылып кеткенине баш катчы он беш жылдан ашуун мезгилден бери ич ара согуштан башы арылбай жаткан бул өлкөдөгү айласыз жакырчылык себепкер деп эсептейт. Докладды бүгүн Коопсуздук Кеңеши талкуулап, атайын резолюция кабыл алат.

Жаңы резолюциянын долбоорун кеңешке Британия сунуш кылды. Лондон өкмөтүнүн тышкы иштер министри Дэвид Милибэнд шаршемби күнү Бейруттагы сапары маалында деңиздеги каракчылыкты “азыркы дүйнөдөгү балакеттерге” кошту. Эмдиги айдан тартып Британия Евросоюздагы тышкы жана коргонуу саясаты боюнча топко төрагалык кылат. Азыр бул топ европалыктардын аскер-деңиз күчтөрүн пайдаланып, Аден булуңундагы талоон-булоондун тамырын кантип соолутса болот, ушу багыттагы иш-чараларды, сунуштарды даярдап жатат.

АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Шон Маккормак да каракчылык эл аралык проблема экенин тастыктады жана аны жалгыз-жарым өлкө,анын ичинде Кошмо Штаттары да чече албай турганын моюнга алды.

Пентагондун өкүлү Жефф Моррелл регионго бардык өлкөлөрдүн аскер кемелерин жиберген күндө деле каракчылардын түбүнө жетүү кыйын болорун эскертти. Бул үчүн көп иштер жасалышы зарыл, адегенде Сомалидеги экономикалык, саясий проблемалар чечилүүгө тийиш. Бу жагынан Улуттар Уюмунун, Африка союзунун, жалпы эле дүйнөлүк коомчулуктун бирдиктүү аракети талап кылынат. ”Мындан тышкары каракчыларга каршы күрөштү, анын ыкмаларын мыйзамдаштырган эл аралык келишим керек. Азыр аларды ким кармап, ким соттой алат, муну так аныктаган эч кандай эреже жок”,- деп көрсөттү Пентагондун өкүлү.

XS
SM
MD
LG