Грузиянын Олимпия комитетинин ушундай өтүнүч камтылган каты Эл аралык Олимпия комитетине түшкөнүн аталган уюмдун маалымат катчысы ырастады. Грузия 2014-жылы Орусиянын Сочи шаарында өтүүчү Кышкы олимпиаданы башка жакка которуунун жүйөөсү катары коопсуздук маселесин келтирген. Грузиянын ажырап кеткен аймагы Түштүк Осетиядан улам Москва менен Тбилиси быйыл августа кыска согушка барган.