Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:10

Ооганстанда жанкечтинин чабуулунан эки полицей каза тапты


Окуя өлкөнүн чыгышындагы Хост провинциясынын Доуманд районунда болду. Жанкечтинин айдоосундагы миналанган автоунаа жергиликтүү бийлик жайгашкан имараттардын сыртында жарылган. Жарылуудан эки полициячы каза тапкандан тышкары бир нече киши да жаракат алды. Бул маалыматты НАТО баштаган эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн Кабулдагы кеңсеси ырастап, алардын эки жоокери жабырланганын билдирди. Жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

XS
SM
MD
LG