Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Ошто хизбутчу атыккандардын соту башталды


Ош облустук сотунда 1-октябрдагы Орозо Айтта Ноокат райакимчилигин ташбараңга алгандардын үстүнөн сот жүрүп жатат. Сот жараянына эркин массалык маалымат каражаттары киргизилген жок.

32 жаранга Хизб-ут-Тахрир диний экстремисттик партиясынын мүчөсү катары массалык башаламандыкты уюштурган, жаш өспүрүмдөрдү кылмыш жасоого аралаштырган, мамлекеттик мүлктү талкалаган жана бийлик өкүлдөрүнө кол салган деген айыптар тагылууда. Кылмыш ишин Ноокат райондук соту Ош обулустук сотунун чоң залында кароону баштады. Жараянга КТР, ЭлТР жана 5-канал телекомпанияларынан башка массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок. Ош облустук укук коргоо органдарынын жетекчилери мунун себебин түшүндүрүүдөн баш тартышты.
XS
SM
MD
LG