Лондон сотунда америкалык поп жылдыз Мадонна менен британиялык режиссер Гай Ричинин ажырашуу иши каралды. Ошентип, 6 жума мурун жарыяланган ажырашуу процесси соңуна чыкты. Мадонна жана күйөөсү чогуу 8 жыл жашашкан. Түгөйлөр мүлкүн кантип бөлүшөөрү кабарланган жок. Тарыхтагы эң ийгиликтүү ырчылардын бири болуп эсептелген Мадонна 445 миллион долларлык байлыгынын көбүн сактап калат деп күтүлүүдө.