АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама демократтардын партиялык шайлоосу боюнча атаандашы Хиллари Клинтонду мамлекеттик катчылыкка дайындашы ыктымал. Бул тууралуу Обаманын жардамчылары билдиришти. «Эч кандай проблема чыга калбаса эле, Обама 27-ноябрь же Алкоо майрамынан кийин Клинтонду мамлекеттик департаменттин башчылыгына дайындайт», - деди өткөөл команданын расмий өкүлү. Обама кызматына 20-январда киришмекчи.