Дера Исмаил Хан чөлкөмүнүн бийлик өкүлү маалымдаганына караганда, 6 кишинин өлүмү бышыкталды, ондогон адам жарадар болду. Зыйнатка катышып жаткан элдин көбү шийи мусулмандар болчу. Түштүк Вазиристан менен чектеш чөлкөмдө суннилер менен шийи топтору ортосундагы кагылышуулар көп болот. Ал жердеги уруулардын талиптер менен ал-Кайидачыларга колдоосу күчтүү.