Орусияда иштеген кыргыз мигранттарынын көбү ишке тез орношууга өбөлгө берчү кесиптерге ээ болууну каалашат. Муну Миграция боюнча мамлекеттик комитет жүргүзгөн сурамжылоо аныктады. Сурамжылоого катышкан 3500 адамдын көбү билими жана тажрыйбасы бар адистерге муктаждык күч экендигин айтышкан. Ошон үчүн Миграция боюнча комитет азыр кыргыз мигранттарына кайра билим берүү жаатында кошумча чараларды көргөн жатат. Орусияда иштеген кыргыз мигранттарынын орто жашы 25-45 жашты түзөт. Алар курулушта, соода жана кызмат көрсөтүү тармагында иштеп, жакындарына айына орто эсеп менен 100-300 доллар өлчөмүндө акча жөнөтүп турушат.(BD)