Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Өкмөттүн жумушчу тобу диний мекемелерди кароодон өткөрөт


Мындай чечим дин иштери боюнча мекемелер аралык кеңештин кечээки жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык ар кайсы мекемелердин өкүлдөрү кирген жумушчу топ мечит, медресе, сыйынуучу үйлөр, чиркөө,намазканаларды кароодон өткөрөт. Андан кийин ушундай багыттагы имаратарды курууда же кайра жасалгалоодо бир эрежени киргизүү, дин иштери боюнча жергиликтүү координациялык кеңештердин ишин күчөтүү чечилди. Андан тышкары өлкөдө курчуп бараткан диний кырдаалды жөнгө салуу үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүп, мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун кызматташтыгын жогорулатуу милдети алдыга коюлду. (BD)

XS
SM
MD
LG