Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

ЕККУнун ИИМге жардамы салмактанды


Бүгүн Ички иштер министрлигинде “ЕККУ менен ИИМдин кызматташуусунун тажрыйбасы жана келечеги” аттуу конференция болду. Ал ЕККУнун Кыргызстандын ички иштер органына көмөк көрсөтүү программасын ишке ашыруу тууралуу меморандумга кол коюлгандыгынын 5 жылдыгына арналды. Анын катышуучулары программа алып келген жетишкендиктерди салмактап, ЕККУнун бул багыттагы программаларын мындан ары кеңейтүү жагдайларын талкуулашты. Кыргызстандагы айрым укук коргоо уюмдары бул программа милицияны резина союлдар, көздөн жаш агызуучу жана катуу добуш берүүчү газ гранаталары менен жабдыды деп сындаган. “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова мындан тышкары ЕККУ ИИМди атайын кандай жабдуулар менен камсыз кылганы белгисиз деп нааразы.(BD)

XS
SM
MD
LG