Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Журналисттерди коргоо комитети А.Саипов жөнүндө ИИМ билдирүүсүнө ишенбейт


Комитет кечээ тараткан билдирүүдө бул кылмыш ишинин бети эмдигиче ачыла электигине саясий эрктин жоктугу негиз болуп жаткандыгы камтылган. Аталган эл аралык уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программаларынын координатору Нина Огнянова: “Биз, кыргыз бийлигинин А. Саиповдун кесибин анын өлүмүнө себеп болушу мүмкүн деген жоромолду такыр жокко чыгарып жаткандыгына кабатырбыз” – дейт. “Саипов өзбек президенти Ислам Каримовдун адам укуктары жаатындагы режимине сын айткан баатыр журналист болчу. Кыргыз бийлиги өзүнүн иш - аракеттерин коомчулукка ачыкташы керек” – деп жазылат билдирүүдө. Ички иштер министринин орун басары Дмитрий Федоров кечээ бир жыл мурда Ош шаарында атылып өлтүрүлгөн журналист А. Саиповдун иши боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыктары менен тааныштырган. (EK)

XS
SM
MD
LG