АКШнын жаңы шайланган президенти эки жылга эсептелинген мындай планды иштеп чыгууга өзүнүн экономисттер командасына көрсөтмө бергенин бышыктады. Быйыл Кошмо Штаттарында 1.2 миллион жумуш орду кыскарды. Обама учурда АКШнын Борбордук банкынын Нью-Йорк бөлүмүн жетектеген Тимоти Гейтнерди Федералдык казына катчылыгына алып келээри тууралуу кабардан кийин жума күнү АКШнын акция баалары кыйла көтөрүлдү.