Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

Бизнес тармагындагы жаш кадрлар маселеси талкууланат


24-декабрда Бишкекте “Кичи жана орто бизнес үчүн кадрларды даярдоодогу проблемалар” аттуу жыйын өтөт. Эл аралык ишкерлер кеңеши уюштуруп жаткан бул иш-чарада бизнес чөйрөсүндөгү жаш кадрлар проблемасы, билим берүүнүн экономикага тийгизген таасири, бул тармактагы көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланат. Жыйынга Билим берүү министрлигинин кызматкерлери, депутаттар, ЖОЖдордун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Эл аралык ишкерлер кеңешинен маалымдашты. (AiJu)

XS
SM
MD
LG