Декабрь айында Бишкекте мектеп окуучулары үчүн Айтматовдук фильмдердин жумалыгы өтөт. Анда Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдер көрсөтүлүп, жаш муундарга классиктин чыгармачылыгы жана анын негизги темасы тууралуу маалыматтар берилет. Мындай маалымат Маданият жана маалымат министрлигинен алынды. (BD)