Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Барак Обама өз командасын түзүп жатат


Бүгүн АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама өз администрациясынын экономика боюнча курамын жарыялары күтүлүүдө. Обаманын жардамчысы Дэвид Акселрод “Фокс” сыналгысына берген маегинде, АКШнын жаңы каржы министри учурда Улуттук банктын Нью-Йорк бөлүмүнүн жетекчиси, 47 жаштагы Тимоти Гайтнер болорун тастыктады. Президент Билл Клинтон учурунда Каржы министри болгон Лоуренс Саммерс Ак үйдүн Улуттук экономикалык кеңешин жетектээри буга чейин кабарланган. 22-ноябрда Барак Обама Демократиялык партиянын атынан калкка кайрылуу жасап, 2 жарым миллион жумуш ордун түзүүчү план иштеп чыгууга өзүнүн кеңешчилерине көрсөтмө бергендигин билдирген.

XS
SM
MD
LG