Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:06

Чүйдө электр энергиясына байланыштуу нааразылыктар күч алууда


Кечээ Сокулук районунун Новопавловка айылынын тургундары электр жарыгынын күнүнө 14 саат жок болушуна карата нааразылык билдиришкен. Башка айылдардан айырмаланып бул айылда жарык менен кошо суу дагы токтоп калат. Нааразылык иш чарасынан соң райондук электр бөлүштүрүү тармагы күндүз жарыктын өчпөстүгүн убада кылган. Бирок Сокулук районунун акиминин орун басары Руслан Алыбаев күн сууктай баштаса жарык кайрадан 14 саат өчөт деп билдирет. Ушундай эле нааразылык менен ишемби күнү Чүй боорундагы Лебединовка айылындагы жашоочулар чыгышкан. Өткөн айда болсо Беловодск айылы электр энергиясынын айынан үч күн нансыз калган болчу. (JJ)

XS
SM
MD
LG