Линктер

жума, 18-август, 2017 Бишкек убактысы 05:16

Сузакта учурдагы кырдаалды талкуулаган жыйын өттү


Облустук аялдар кеңеши өткөргөн Орто Азия айлындагы жыйын оппозициянын азыркы иш-аракеттерине нааразылыгын билдирди. Анда «Кызматта турганда оппозициянын өкүлдөрү эл ишенимин актаган жок, жумуштан бошоп калса, бийликти сындамай өнөкөткө айланды, оппозиция президент К.Бакиевдин ишмердүүлүгүнө бут тосууда, бийлик экс-президент менен кошо иштегендерден арылса болот эле» деген сөздөр айтылып, өнөр жай жана энергетика министри С.Балкыбеков элди алдап, президентти уят кылууда» деп белгиленди. Жыйын үймө-үй ислам динине үгүттөгөн дааватчыларга, диний экстремисттерге да наарызылыгын билдирди. Төрайым Айчүрөк Мамажанованын пикиринде, кыргыз эли дин үгүтчүлөрүнө муктаж эмес. (YA)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG