Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Энергетиканы эми Сапарбек Балкыбековдун ордуна Ильяс Давыдов башкарат


Президент Курманбек Бакиевдин 25-ноябрдагы буйругуна ылайык “Электр станциялар” ишканасынын башкы директорунун орун басары Ильяс Давыдов Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри болуп дайындалды. Анын ордунда иштеп келген Сапарбек Балкыбеков кызматынан алынды. 3-ноябрда “Ак жол” фракциясы кышка даярдык боюнча Сапарбек Балкыбековдун маалыматын угуп, анын ишмердүүлүгүнө саясий баа берүүнү президент башында турган “Ак жол” партиясынын саясий кеңешине сунуштаган. Анын алдында Балкыбеков Электр энергиясын үнөмдүү пайдаланылбаса февраль айында Кыргызстан энергетикалык кризиске туш болот деп билдирген. Президент акыркы бир катар жолугушууларда айрым министрлерди жоопкерчиликсиз билдирүү жасашты деп бир нече ирет кескин сынга алды. (BuS)

XS
SM
MD
LG