Барак Обама шейшемби күнү Чикагодо дагы бир маалымат жыйынын өткөрдү. Анын жүрүшүндө жаңы президент өзүнүн экономикалык программасынын айрым өңүттөрүн өнүктүрүп, кээ бир пландарын жарыялады. Баарыдан мурда ал федералдык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизе тургандыгын ырастады.
Шайлоо өнөктүгү маалында берген убадасын эске салып, Обама жаңы өкмөттүн экономисттери бюджеттин ар бир барагын, ар бир сабын кылдат карап, кыл чыпкадан өткөрүп чыгарына, керексиз программаларды алып салып, керектүүлөрүн натыйжалуу пайдаланганга умтуларын белгиледи.
Обама биринчи кезекте экономиканы кайра тирдентүүнү көздөйт. Андан соң узак мөөнөттүү пландарды жүзөгө ашырууга киришет. ”Бирок биз инвестиция акыл-эстүү сарпталарына бекем ишенишибиз керек, ар бир тармакта акча ысырап болбой турганына көзүбүз жетип, ынанышыбыз керек”, - деди Обама.
Казынанын акчасын федералдык мекемелер кандай жумшап жатканын адатта Ак үйдүн административдик бюджет кеңсеси көзөмөлдөйт. Обама бул кеңсеге башчы кылып Питер Орсагды дайындады. Ал Билл Клинтондун тушунда президенттин экономикалык кеңешчиси болгон, азыр конгресстин бюджет башкармалыгын жетектейт.
АКШнын бюджетинде өңчөй саясатчылардын, лоббисттердин же белгилүү бир топтордун гана кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн бир катар жоболор бар. Обама элдин миллиарддаган акчасын пайдасыз программаларга короткон мындай системанын Америкага караманча кереги жоктугун көрсөттү. “Эгер биз зарыл инвестицияларды жасагыбыз келсе, анда керексиз чыгымдардан да арылышыбыз керек. Тартыштык күч алып, экономика эңкейиштеп бараткан азыркыдай кыйын кезеңде бюджет реформасы кезектеги амал эмес, бул өткүр зарылдык”,- деп айтты Обама.
АКШ туш болгон азыркы кыйынчылыкты Обама таптакыр жаңы түрдөгү кризис катары мүнөздөдү. Андан ийгиликтүү чыгуу үчүн жаңыча ойлонуу, жаңыча аракеттенүү талап кылынат. Ошол себептен ал “чакан, бирок акылдуу өкмөт түзгүсү келет”. Өз командасын да ал жаңы проблемаларды чечүүнүн жаңыча усулдарын жана ыкмаларын таба билгенге чакырды.
Мындан тышкары Обама өкмөткө кыйын-кыстоо кезеңде “интеллекти бийик,чоң тажрыйбасы жана жакшы аброй-кадыры бар” адамдар керек болорун моюнга алды. Шайлоодо 53 процент добуш менен утканын, борбуйлуу калктын 47 проценттейи Жон Маккейнге добуш бергенин эске салып, Обама өлкө туш болгон проблемалардын масштабынан алганда республикачылар менен демократтар биргелешип иштегенде гана алдыдагы пландардан майнап чыгарын эскертти.