Бүгүн Ирактын парламенти коопсуздук боюнча ирак-америкалык келишимдин долбоорун карайт. Ал АКШнын аскерлеринин Иракта болуусунун укуктук негиздерин аныктайт. Долбоордо АКШлык аскерлерди 2011-жылдын аягына чейин чыгаруу белгиленген жана ал БУУнун ушул жылы мөонөтү бүтүп жаткан мандатын алмаштырат. Долбоорду Ирактын парламентиндеги бийликте турган шиилер менен күрддөр колдоп жатышат.Бирок, радикал шиилердин лидери Моктады-ас-Садра ага каршы.