Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:47

Улуттук университеттеги чатакка Баш прокуратура кийлигишет


Бүгүн Коррупцияны алдын алуу агенттиги менен Билим берүү министрлигинин кызматкерлери Улуттук университеттеги жайкы кабыл алуунун документтерин чогултуп, бир бөлмөгө бекитти. Министрликтин маалыматына караганда документтер текшерилип, анын жыйынтыгы Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилет. Билим берүү министрлиги менен антикоррупциялык агенттиктин биргелешкен комиссиясы ноябрдын башында Улуттук университетте жүргүзгөн биринчи текшерүү 80 иштин 23дө тест тапшырмаларынын жооптору оңдолуп бурмалангандыгын ашкере кылган. Андан кийинки текшерүүлөр 2,5 миң иштин үч жүзүндө ушундай бурмалоо орун алгандыгын көрсөтүүдө. Улуттук университеттеги коррупциялык фактылар жөнүндө маселени караган Билим берүү министрлигинин коллегиясы Улуттук университеттин ректору Рысбек Өмүркановду кызматынан алган чечим чыгарган. Рысбек Өмүрканов өз кезегинде министрликтин чечимине баш ийбей, соттошуу аракеттерин көрүп жатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG