Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:11

Индияда катуу терракт болду


Индиянын каржы борбору Мумбаи шаарында куралчан согушкерлер бир катар терракт жасашты. Андан бери дегенде 50 адам набыт болуп, 200гө жакын киши жаракат алды. Согушкерлер эки ири мейманканада, вокзалда жана туристтер жүргөн башка аймактарда ок ачып, граната жардырышкан. Бийликтин маалыматына ылайык, согушкерлер мейманканаларда бир топ кишини барымтага алды. Азырынча бул кол салуулар үчүн эч ким өзүнө жоопкерчиликти ала элек. Британия жана АКШнын өкмөттөрү кол салууларды кескин айыптаган билдирүү таратышты. Индияда акыркы жылдары кол салуулардын бир нече толкуну орун алган.

XS
SM
MD
LG