Энергетика жана отун ресурстар министрлигинен бошотулган Сапарбек Балкыбеков “Электр станциялар” ишканасынын башкы директорлугуна дайындалды. Бирок, ал жаңы кызматта кандай жаңылыктарды киргизип, кандай аракеттерди көрөрү тууралуу азырынча эч кандай маалымат бере албасын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ишканадагы абал менен таанышкандан кийин кырдаалды өзгөртүү боюнча оюн ортого салат. Сапарбек Балкыбеков министрликке чейин ушул ишканада башкы директор болуп иштеген.(BD)