Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Оппозициянын акциялардагы талабы бийликке жете элек


Президенттик администрация жетекчисинин орун басары Досалы Эсеналиевдин “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, бийлик өкүлдөрү оппозициячыл күчтөрдун нааразылык акцияларын өткөрүүгө ниеттенип жаткандыгын маалымат каражаттары аркылуу гана билишет. Анын айтымында, оппозиция акцияларын Конституцияда жазылган тартипте өткөрсө жакшы, эгер чектен чыкса сөз башкача болушу мүмкүн. Бирок, акцияларда коюлчу талаптар тууралуу бир да кыймыл расмий маалымат берген эмес. Ал эми Элдик революциялык кыймыл кечээ президент Курманбек Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүү талабы менен нааразылык акциясын 20-декабрда Бишкектин борбордук аянтында өткөрөрүн жарыя кылды. “Коррупцияга каршы күрөшүү” кыймылы болсо президентти импичмент жолу менен кызматтан кетирүүгө кол топтоп,нааразылык акциясын 1-декабрда баштаарын жар салды.(BD)

XS
SM
MD
LG