Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Кытайдан келген ундан дагы бир зыяндуу зат табылды


Кытайдан сатылып келген 804 тонна унда меламин жана цианур кислотасы бар экендигин Германиянын Мертен деген лабораториясындагы иликтөө көрсөттү. Мындай маалыматты Айыл, суу чарба министрлигинин экспертиза борборунун өкүлдөрү тастыкташкан менен заттардын ден соолукка зыяны жана ундун мындан аркы тагдыры тууралуу маалымат беришкен жок. Себеби,унду иликтеп жаткан Орусиянын илим изилдөө институттары жыйынтыгын берише элек. (BD)

XS
SM
MD
LG