Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:06

20-декабрдагы митингке 3 миңге чукул адам келүүсү күтүлүүдө


Бул тууралуу “Жашылдар” партиясынын лидери, Элдик революциялык кыймылдын мүчөсү Эркин Бөлөкбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, митингди өткөрүүдө эч кандай мыйзам бузуулар болбойт, Конституциянын 25-беренесине ылайык Ала-Тоо аянтында акция өткөрүүгө толук укуктары бар. Митингде Таласта өткөн Элдик жыйында эл тарабынан көтөрүлгөн президент Курманбек Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүү, бийлик системасын өзгөртүү, энергетика тармагын менчиктештирүүгө жол бербөө талаптары коюлат. Конституциянын 25-беренесинде Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик бийлик органдарын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын алдын ала кабарлоо шарты менен саясий чогулуштарды, митингдерди, жүрүштөрдү, демонстрацияларды жана пикеттерди тынч жана куралсыз өткөрүү укугуна ээ. Аларды өткөрүүнүн тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат,-деп көрсөтүлгөн.(AJ)

XS
SM
MD
LG