“Ата-Мекен” партиясынан 25 жана “Ак-Шумкар” партиясынын атынан 5 делегат 29-ноябрда Бишкек шаарында өтүлүшү күтүлүп жаткан бириккен оппозициянын курултайына катышуу үчүн жөнөп кетишмекчи. Мындай маалыматтарды “Ата-Мекен” партиясынын Нарын шаары боюнча координатору Адылбек Эсенбеков менен “Ак-Шумкар” партиясынын облустук координатору Урмат Акунов «Азаттыкка» билдиришти. Урмат Акунов делегаттардын жол кире акысы “Ак-Шумкар” партиясы тарабынан төлөнүп берилгендигин тастыктаса, Адылбек Эсенбеков атамекенчилер өз каражаттары аркылуу Бишкекке барышаарын айтат. Ал эми башка партиялардан канча делегат бара тургандыктары тууралуу маалыматтар түшкөн жок. (KUs)