Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

“Өнүгүүгө билим берүү аркылуу жетишсе болот”


Өнүгүп келаткан өлкөлөрдө 8 баланын бирөө баштапкы билим албай калат. Бул тууралуу Улуттар уюмунун 25-ноябрда жарык көргөн докладында айтылат. Мындай жагдайда 2015-жылга чейин дүйнөдөгү бардык балдардын сабатсыздыгын жоюу программасы ишке ашпай калаары айкын болуп калды.

ЮНЕСКОнун отчетунда белгиленгендей, өнүгүп келаткан өлкөлөрдө 75 миллиондой бала башталгыч билим албай калса, алардын 55 процентин кыздар түзөт. Танзания, Эфиопия өңдүү мамлекеттердеги прогресске карабай, Африканын борбордук-түштүк чөлкөмүндөгү өлкөлөрдө балдардын үчтөн бир бөлүгү мектептерге таптакыр барбайт.

Уюмдун болжолунда, 2015-жылга карай жакыр өлкөлөрдө 29 миллионго жакын бала, а балким мындан да көбү, окуу жайларына барбай калышы ыктымал. ЮНЕСКО мындай кырдаал үчүн ошол кедей өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн туура эмес же көңүл кош саясаты менен катар бай мамлекеттердин кайдыгерлиги, убадаларын аткарбай жатышы жооптуу деп эсептейт.

Докладда өнүккөн жана жакыр өлкөлөрдөгү билим алуу мүмкүнчүлүктөрү ортосунда ири айырма бар экени белгиленет. Анын себептеринин бири кедей өлкөлөрдөгү балдардын тое тамактанбагандыгында. Кээ бир өлкөлөрдөгү экономикалык өсүшкө карабай, балдардын арасындагы ачарчылык кеңири жайылган бойдон кала берүүдө. Бул – азыркы саясаттын эффективдүү эместигин далилдейт.

Бир эле өлкөдө кембагал үй-бүлөөлөрдүн балдары менен колунда барлар ортосунда чоң айырмачылыкты байкаса болот. Алсак, Перу же Филиппинде жакыр ата-эненин балдары байларга караганда 5 жылга аз окушат.

ЮНЕСКОнун баш катчысы Коичиро Мацуранын айтымында, “финансылык система кыйраганда анын кесепеттери айкын сезилет жана өкмөттөр күжүрмөн аракеттенишет. Билим берүү системасы иштебей калган учурда анын кесепеттери дароо көрүнбөгөнү менен, ал ошондой эле зыян алып келет”.

Борбор Азияда 1999-жылы балдардын 87 проценти мектепке жазылса, 2006-жылы бул көрсөткүч 2 процентке өскөн. Кыргызстанда болсо андай балдардын саны төмөндөгөн. Региондо билим берүү тармагына берилген орточо жылдык жардам 102 миллион доллардан 163 миллионго өскөн. Анын ичинде баштапкы билим берүүгө берилген каражат дээрлик 40 процентти түздү.

Баяндаманын үстүнөн иштеген топтун мүчөсү Николь Белла (Nicole Bella) айым доклад жөнүндө бир нече сурообузга жооп берди.

Азаттык:- ЮНЕСКОнун баш катчысы Мацура мырза: “Билим алуудагы мүмкүнчүлүктөрдүн теңсиздиги жакырчылыкка, ачарчылыкка, балдардын өлүмүнө алып келет...” - деп белгиледи. Ошол эле маалда кедей бүлөөлөрдөн чыккан балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгү чектелүү. Ушул туңгуюктан кантип чыкса болот?

Николь Белла: -Туура айтасыз, бул жерде туңгуюк бардай. Докладда белгиленгендей, билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тегиз болбогондуктан, алдыга коюлган максаттарды ишке ашыруу кыйын болуп жатат. Миллиондогон балдар, көбүнесе жакыр үй-бүлөлөрдө билимсиз калууда. Ата-энелери жокчулуктун айынан аларды мектептерге жибере алышпайт. Билим болсо өз кезегинде ошол жакырчылыктын сазынан чыгуунун жолу. Доклад өкмөттөрдүн бул чөйрөдө өзүнө көбүрөөк жоопкерчиликти алышы керектигин белгилейт. Бирок кээ бир өлкөлөрдүн мисалы далилдегендей, мындай кырдаалдан чыкса болот. Ал жерлерде кембагал үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган өтө адилет саясат жүргүзүлүүдө. Маселен, Мексика же Эквадор эң жакыр балдарга акча бөлүп берүү программасын киргизишкен. Ал каражат балдардын саламаттыгын чыңдоого, алардын мектепке баруусун камсыздоого жумшалат. Ушундай эле практика Бангладеш же Эфиопияда колдонуп жүрөт. Кыскасы, сөз болгон мамлекеттерде бардык чаралар эң тартыш үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам берүүгө багытталат.Маселени чечүүнүн дагы бир жолу – мектептерге жазылуу үчүн акча төлөө практикасын жоюу. Билим алуу – бул ар бир адамдын укугу экенин унутпайлы. Ар бир адам, кандай шартта жашабасын, андай укукка ээ болушу керек.

Азаттык: -Докладда мектепке жазылган балдардын миллиондогону башталгыч билим алгычакта эле окуу жайын таштап кетишет деп жазылат. Кыргызстанда мындай учурлар четинен жолугат. Андай болсо, докладда келтирилген прогноздор мындан да начар болушу мүмкүн деп айтса болобу?

Николь Белла: -Биздин божомолдор өткөн жылдардагы тенденцияга ылайык жасалган. Аларды прогноз деп атоо кыйын. Ал жөн гана ушундай саясат улана берсе, 2015-жылы сабатсыз балдардын саны мынча болушу ыктымал деп эскертет. Кыргызстан боюнча көрсөткүчтөрдү карап көрсөм, мектепке барган балдардын бардыгы баштапкы билим алуунун акыркы тепкичине жетет экен. Бул – алардын бардыгы аны аяктайт дегенге жатпайт. Ошентсе да, милдеттүү билим берүү саясаты жүзөгө ашырылууда деген тыянак жасаса болот. Бирок мен дагы бир жолу белгилей кетейин, баяндама бир эле өлкө ичиндеги балдардын арасында теңсиздик кала бергенин көргөздү. Кыргызстанда да балдардын бардыгы мектептерде окуу мүмүкүнчүлүгүнө ээ боло албай келатат. Жакыр үй-бүлөөлөрдүн балдары көп учурда окуусун таштап коюп, иштөөгө мажбур. Ошондуктан биздин докладдагы сандарды улуттук деңгээлден алып гана карабастан, өлкөнүн ичиндеги кырдаалга көңүл буруу зарыл. Теңсиздик болгон учурда аны жоюп, бардык балдарга билим алуу укугунан пайдалана ала тургандай шарт түзүш керек.

Азаттык: -Сиздин пикириңизде, советтик система жакшы беле? Анда мектепке барбай калган балдар сейрек кездешчү.

Николь Белла: -Өткөн чактын тажрыйбасын канчалык колдонсо болот мен айта албайм. Бирок ал кезде билим берүү милдеттүү болгону чын, балдардын бардыгы мектептерге барууга милдеттүү болчу. Бардыгы болбосо да, көпчүлүгү баштапкы жана орто билим алуунун бардык тепкичтерин аяктачу. Бирок Берлин дубалынын кулашы менен башталган саясий окуялар, кыйынчылыктар билим берүү тармагындагы социалдык факторго да таасирин тийгизди. Бирок кризис кечти. Региондун өлкөлөрү ошол эле кыйын абалда калды деп айтууга болбойт. Алар өнүгүүгө билим берүүнү жакшыртуу аркылуу жетишсе болоорун түшүнүштү. Бул – абдан маанилүү.

XS
SM
MD
LG