Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

Энерго тармакта мафия барбы?


“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыктын” таңкы маегинде бийликтин тура эмес кадр саясаты жана энергетика тармагындагы мафия кризиске алып барды деп, ага 2006-жылы Конституциянын долбоору талкууланып жатканда Ширшовдун үйүндө конокто болгон 12 депутат азыр өкмөттө чоң кызматтарда отургандыгын далил кылды. Ал эми саясат таануучу Орозбек Молдалиев энерго мафия жок деп айта албасын жана мындай ойго ишти начар жүргүзгөн министрдин дагы бир жооптуу кызматка баргандыгы түртөөрүн билдирди. Ал эми “Ак жол” партиясынын парламенттеги депутаты Табылды Орозалиев экс-министр Сапарбек Балкыбековдун мурда жакшы ишкер болгондугун жана азыркы министр И.Давыдов да мыкты адис деп белгиледи. (BD)

XS
SM
MD
LG