Линктер

бейшемби, 25-май, 2017 Бишкек убактысы 13:29

Оппозиция курултайдан бийликти коркпоого чакырды


Кыргызстандын бийлиги оппозиция 29-ноябрда өткөрө турган курултайдан жөн жерден кооптонуп, милицияны катуу даярдап жатат. Мындай кабарды “Азаттыкка” “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, бийлик кооптонуунун ордуна жер-жерлерден келген делегаттардын курултайдагы пикирин жана оппозиция түйшөлткөн ойлорду угуп, элдин талабын аткарууга аракет кылса өлкө үчүн пайда кылмак. Ал эми президенттик администрация жетекчисинин орун басары Досалы Эсеналиев “Азаттыкка” бийлик курултай тууралуу расмий маалымат ала электигин билдирген болчу.(BD)

XS
SM
MD
LG