Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Кытайдын азыктарын алууга эмне үчүн тыюу салынды?


Кытайдан чыгарылган сүт азыктары жана жумуртканы сатып алууга тыюу салууга ал жердеги балдардын сүттөгү меламинден ууланышы жана 50дөн ашык адамдын көз жумушу башкы себеп болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” ветеринардык кызматтын директору Калыс Жумаканов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда коңшу мамлекеттен сүт азыктарында жана жумурткада меламин бар экендиги аныкталган жок. Себеби, аны аныктоочу атайын лаборатория жок. Бирок, Кытайдын азык-түлүктөрү башка мамлекеттер аркылуу кириши мүмкүн экендигин эске алуу менен аталган азык-түлүктөрдү сатып алууга убактылуу тыюу салынды. Кыргызстан буга чейин Кытайдан тоок этин жана башка малдын этин сатып алууга куш тумоосуна байланыштуу убактылуу тыюу салган жана ал азыркыга чейин токтотула элек.(BD)

XS
SM
MD
LG