Эмдиги жылы Кыргызстандын агроөнөр жай тармагы өнүгөт. Өкмөт башчы Игорь Чудиновдун айтымында, ага жетишээрлик негиз бар. Анткени, Айыл, суу чарба министрлиги жаңы жылда бюджеттен сураган 3 миллиард 300 миллион сом толук берилбесе дагы Каржы министрлиги бюджетке киргизген 1 миллиард 400 миллион сомдун үстүнө Жогорку Кеңештин жер-агрардык маселелер боюнча комитети дагы бир миллиард сом кошууга макул болгон. (BD)