Бишкек шаарынын чет жакасында тартип коргоо кызматкерлери көпчүлүк элге каршы аракет көрүү боюнча күч ыкмасы менен атайын даярдыктан өткөндүгү тууралуу маалыматтар келип түшкөнүн “Акыйкат үчүн” кыймылынан кабарлашты. Алардын билдиргенине караганда укук коргоо органдарынын кооптонуусуна эч кандай негиз жок. Элдик курултай мыйзамдын чегинде өтөт. Ал эми ИИМдин басма сөз кызматы кечээ жетекчилик тартип коргоо кызматкерлерин катарга тизип, кызматтык күбөлүктөрүн, кызматтык кийимдерин текшерүү, кимиси оору, кимиси эс алууда экендигин тактоо сыяктуу иш чара өткөргөндүгүн билдирип, күч ыкмасы боюнча эч кандай даярдык болбогонун кабарлашты. (AJ)