Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:57

Президент К.Бакиев Түркиянын тышкы иштер министрин кабыл алды


Түркиянын тышкы иштер министри Али Бабаджанды кабыл алууда өлкө башчысы экономика, билим берүү, маданий-гуманитардык жана аскердик-техникалык кызматташтык чөйрөсүндөгү өз ара карым -катнаштын жогорку деңгээлин белгиледи. Президент ошондой эле ушул жылдын тогуз айында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар алмашуу180 млн. 65миң АКШдолларын түзгөндүгүн айтты. 2008-жылдын жыйынтыгы боюнча, бул көрсөткүч 250млн.долларга жетүүсү күтүлүүдө. Президент Түркия тарапты Кыргызстанда туризм, айылчарба өнөр жайы, гидроэнергетика, тоо –кен тармагы чөйрөсүндөгү ири экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча инвестициялык ишмердүүлүктү активдүү жүргүзүүгө чакырды. Мамлекет башчы ошондой эле Түркия Республикасынын Президенти Абдулла Гюль мырзанын 2009-жылдын жаз айына белгиленген Кыргызстанга расмий сапарынын маанилүүлүгүн белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле кыргызстандык-түркиялык мамилелерди кызматташтыктын бардык чөйрөлөрүндө мындан ары чыңдоо жана кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG