Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:51

Баткен бажысынын кызматкери өзбек атуулдарынан сокку жеди


Мындай маалыматты Баткен бажы кызматынан 28-ноябрда “Азаттыкка” билдиришти. 25-ноябрда Кадамжай районунун “Газпром” көзөмөл бекетине Өзбекстандын Чоң-Кура айылынын 15 атуулу мас абалда келип, бажы кызматкеринин спирт ичимдигин ичүүсүн талап кылышкан. Каршылык көрсөткөн Замир Сейдакматовду күч колдонуп, тепкилеп жаткан учурда чек ара кызматкерлери арачалап калган. Кабыргаларынан жаракат алган бажы кызматкери учурда облустук оорукананын сыныктар бөлүмүндө дарыланууда. Бул окуя боюнча Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоду. (JsA)

XS
SM
MD
LG