Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Оппозициянын Элдик курултайы башталууда


“Азаттыктын” кабарчысы Аманбек Дилденбайдын билдиришинче, азыр курултай катышуучулары орус драма театрынын имаратынын алдына чогулууда. Алардын арасында Социал-демократтар, “”Ата-Мекен”, “Ак Шумкар” партиясынын лидерлери бар. Революциялык кыймылдын башчылары Азимбек Бекназаров менен Топчубек Тургуналиев да келди. Оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймыл уюштурган курултайга жер-жерлерден да өкүлдөр келип, жалпысынан миңден ашык адам катышат, деп маалымдалган. Анда учурдагы саясий-экономикалык кризис талданып, Кыргызстандын өнүгүү концепциясы бекитилмекчи. (EBM)

XS
SM
MD
LG