Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:44

“Жашылдар”: Милиция делегаттарыбызды кармап кетүүгө аракет кылды


Жашылдар партиясы Курултайга келген он сегиз делегатын Т.Молдо жана М. Фрунзе атындагы көчөлөрдүн кесилишинде Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери кармап, опузалаганын айтууда. “Эртең мененки саат 8.30да Элдик курултайга карата топтолуп жаткан партия мүчөлөрүн тартип коргоо кызматкерлери токтотуп алып, документтерин сурап, жөнү жок сурак уюштурду” – деп билдирет аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Наргиза Абдылдаева "Азаттыкка". Ушу тапта аты аталган көчөлөрдүн кесилишинде элүүдөй милиция кызматкерлер турганы кабарланууда. (EK)

XS
SM
MD
LG