Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:40

Текебаев: Кыргыз кыялы эмне экенин аныктап алалы


“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Элдик курултайдагы сөзүн жакында өткөн Кошмо Штаттарындагы президенттик шайлоону мисал келтирүүдөн баштады. Жаңы шайланган президент Барак Обама жөнөкөй үй-бүлөдөн чыкканын, мигранттын баласы болгонун, америкалык кыялдын эсебинен ийгиликке жетишкенин айтты. АКШнын демократиялык коомчулугунда талант болсо, билимдүү болсо ийгиликке жетсе болоору дагы бир тастыкталганы белгиледи. Кыргызстанда азыркы бийликтин тушунда мындай болууга таптакыр мүмкүн эместигин айтты. Бакиевдин бийлиги маалында коррупция гүлдөп, пара бермейинче иш бүтпөй калганын кошумчалады. Элде үмүт үзүлүп, туңгуюкка кептелди, деди Текебаев. Ушул жерге чогулгандар убагында жетектөөчү кызматтарда болгонун, саясий лидерлерге курултайда кыргызстандыктардын кыялы эмне экенин аныктап алууну сунуш кылды. (EBM)

XS
SM
MD
LG